Мекеме жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кадамжай шаардык Кенеши шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык Кенеш сессиялык иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандары жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.

Шаардык Кенештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кенештердин депутаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана шаардык Кенештин регламенти менен аныкталат.

Шаардык Кенештин сессияларында шаардык Кенештин депутаттары жамааттык жана эркин талкуулоонун негизинде, ошол жергиликтүү Кенештин тескөөсүнө таандык маселелерди карашат жана чечишет.